Бүгүн, 21-сентябрда кыз келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарынан Бишкекке келди. Аны тосуп алуу үчүн күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү "Манас" аэропортуна барышты.
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова болгариялык балбан менен кез келип, атаандашын 5:3 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталган.
Бул Кыргыз спортунун тарыхындагы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медаль.