7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды. Комиссия мүчөлөрү өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, ишти дагы 20 күнгө узартууну көпчүлүгү колдоду.
Бул убакыт аралыгында комиссия окуяга күбө болгондорду сурап чыгууну жана бүтүмдү даярдоо караларын билдиришти.
Ошондой эле комиссия мүчөлөрү Кой-Таш айылына барып, тургундар менен жолукмай да болушту. Ал эми кийинки отурум Жогорку Кеңеште болуп, ал жактан депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованын маалыматын угушат.
Буга чейинки отурумга аталган эки депутат чакыртылып, бирок алар келишкен эмес.