Депутат: "Парламент комитетинде буга чейин чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы каралууда"

Парламент комитетинде буга чейин чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда депутат Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ошонун негизинде Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети токтом кабыл алат. "Учурда депутаттар маалымат угушуп, суроо берип жатышат. Токтомдордун аткарылышына жараша чечим чыгарабыз", - дейт Чыныбай Турсунбеков.

Аталган комитет чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан