Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз-Тажик чек арасынан чыккан чыр боюнча ар кандай шек жаралып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда журналисттерге билдирди.
"Баткенде чек арада болгон чырдын өзгөчө себептери башкабы деген ой болуп жатат. Тергөө амалдары иштеп чыккандан кийин айтылат. Кандай себептер экенин айта албайм. Ар кандай шек жаралууда", - дейт Жеңиш Разаков.
Бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде буга чейин чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маселе жабык эшик артында каралды.