Жогорку Сот Орзубек Назаровдун кызынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча соттук отурумга чекит койду. Анда райондук жана шаардык соттун чыгарган чечими күчүндө калтырылган. Бул тууралуу Орзубек Назаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн Жогорку Сотто менин кызым жабыркап, эки бала каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук отурум аягына чыкты. Жогорку Сот бул ишке чекит коюп, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери камакта отурат. Ал эми ИИМ материалдык жана моралдык зыянды төлөп бериши керек. Оор убакта менин жанымда болгондорго рахмат, ошондой эле жактоочума дагы ыраазычылык билдирем", - деп жазды Назаров.
Орзубек Назаровдун кызынын катышуусундагы жол кырсыгы 2017-жылдын 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып бара жаткан 17 жаштагы Аделина Назарова (Орзубек Назаровдун кызы) оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын бири М.С. уулу эсине келе албай көз жумган. Окуянын күбөлөрү катуу ылдамдыктагы мотоциклди Патрулдук милиция кууп келе жатканын айтышкан.
Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен кылмыш иши козголгонун билдирген болчу.