Бишкекте Спорт шаарчасын курууга 12 гектар жер бөлүндү

Өкмөттүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы №454 буйругуна ылайык, Бишкекте Спорт шаарчасын курууга 12 гектар жер бөлүндү.

"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы жалпы аянты 12 гектар аянт жерди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин", - деп жазылат буйрукта.

Аталган аймак Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү №86/2 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле бул жердеги 18 гектар жер Бишкек мэриясынын карамагына өткөн.

Спорт шаарчасын куруу иштерин Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2019-09-24 20:14:30
Бул жактан дагы жеп албагыла
+2
souza.j
2019-09-24 21:13:23
Жакшы кабар. Жакшылап кургула
0
Romantik.
2019-09-24 22:15:55
Стадионго да жер бөлгүлө
0
nabievich
2019-09-24 22:19:30
жакшы жаңылык экен заманбап стадион курулушун күтүп калабыз
+4
tynar92kg
2019-09-25 10:53:19
Жакшы кабар болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан