Кыргыз өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин өлкөнүн ИИМ «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: “Коопсуз шаардын» алкагында коюлган аппараттык-программалык жабдуулардын негизинде унаа ээлирине эрежелерге баш ийүүгө жана жолдорду тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок өлкөдөгү жашоонун деңгээли жана орточо көлөмдөгү айлык акыны эске алганда, жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алуу керек. Коомчулуктан жолдогу майда укук бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биз коомчулуктун келтирген жүйөсүн уктук. Ошол эле учурда мас абалында унаа башкаруу сындуу жол кыймылынын олуттуу эрежелери бузулган учурда төлөнүүчү айып мурдагыдай эле болот”, - деди Жеңиш Разаков.
Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда айып пулдардын 8 түрү боюнча категорияларын азайтуу сунушталууда:
- жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
- жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);
- токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
- коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;
- автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
- жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө, Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жол чырактын тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;
- каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
"Коопсуз шаар" долбоорунун жол эрежелерин бузгандарды каттаган фото-видеокамералары ушул жылдын 12-февралынан тарта иштеп баштаган. Ага төлөнүүчү айып пулдардын көлөмү коомдо кызуу талкууга алынып келет. Айып пулдун көлөмүн азайтуу тууралуу сунушту өкмөт буга чейин да колдогон.