"Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү менен сааттар кыскарып жатканы айтылууда" деп бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"Мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйгөнү менен сааттар кыскарып жатат деп жарандар кайрылууда. Мындай факты далилденсе эмне кыласыңар?", - деп эл өкүлү билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды.
Жусупбекова окуу планы ачык жарыяланганын айтты. "Эч кандай кыскартуу жок. Мыйзам бузуу болсо абдан катуу чара көрүлөт", - дейт министрдин орун басары.