Интернетке Орусияда документтерин жоготуп жиберип, көчөдө калдым деген Кыргыз жаранынын видеосу тарады. Видеодо жарандын аты Каныбек экенин, Оштон болорун айтат. Ал суукта тоңуп жатканын кошумчалап жубайынын атын айтып, аны алып кетүүнү өтүнгөн.
Кыргыз жараны Текстильщик метросунда жашап жатканын да айткан.
Ал эми аны видеого тартып жаткан жаран мекендешибизге жардамдашып, кимде-ким бул жаранды тааныган болсо, байланышып коюну өтүнөт.