"Түндүкэлектр" ишканасына абоненттер 376 миллиондон ашык сом карыз

«Түндүкэлектр» ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 1-сентябрга карата 376,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдирет.

Маалым болгондой, 8 айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон карызын 338 миллион сомго же 47,3 пайызга төмөндөтүшкөн.

"Дебитордук карыздын 313,1 миллион сомго же 59,5 пайыз төмөндөшү калк категориясында катталган. Бюджеттик уюмдар категориясы – 25,1 миллион сомго же 32,4 пайызга өндүрүш абоненттери – 3,3 миллион сомго же 7,4 пайыз төмөндөтө алышкан. Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз 199 миң сомго же 5,4 пайызга жана башка керектөөчүлөрүндө – 3,4 миллион сом же 5,5 пайызга жогорулаган.

«Түндүкэлектр» ААК тейлеген бардык аймактарда карыздын төмөндөшү байкалат борбор калаада 44 пайызга, Чүй облусунда 51,2 пайызга жана Талас облусунда 39,1 пайызга төмөндөгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-09-25 23:01:37
Электр энергияга карапайым эл карыз деле болбойт,100 болсо кыркып саласынар го,карыздын баары байлардыкы болсо керек,особнягы бар эки метр короосунан кире албайсынар.
+5
Aidar.001
2019-09-26 20:37:35
115 сом карызымы толодум мен бугун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан