Ош шаарына бара жатып Самарага шашылыш конгон учактагы наристенин абалы тууралуу айтылды

26-сентябрда “Урал авиалиниялары” компаниясынын Airbus А320 учагы шашылыш түрдө Самара шаарына конду. Буга учактагы наристенин ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезип жатканы себеп болгон.

Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги билдиргендей, наристе 2018-жылы Москва шаарында туулган, апасы 1985-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган К.Г. аттуу Кыргыз жараны.

Наристе ОРВИ диагнозу менен Самара шаарынын №5 ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, учурда баланын абалы туруктуу, бирок дене табы түшө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан