Бишкектеги жол кырсыгы катталган окуяга күбө болгон жарандардан милиция жардам сурайт

Бишкек шаарындагы Боталиев менен Мусоргский көчөсүнүн кесилишиндеги ушул жылдын 20-апрелинде окуяга күбө болгон жарандардан шаардык ички иштер башкармалыгы жардам сурайт.

"20-апрелде 55-60 жаштагы эркек киши оор жаракаты менен ооруканага түшкөн. Ошол күнү саат 23:45 чамасында Бишкектеги Боталиев менен Мусоргский көчөсүнүн кесилишинен табышкан. Ал 22-апрель күнү каза болгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Маркум Жалал-Абад облусунун 1967-жылы туулган С.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жаран унаа сүзгөндөн улам каза болгон.

Аталган окуя боюнча маалыматы бар жарандар 0707272744, 0708405580 телефон номурларына же 102 кызматына кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elmira.
2019-09-27 23:46:24
Дагы бирар жылдан кийин сурабаптыр
+10
Aiymkunumjyldyzym
2019-09-28 00:22:52
Азыр коргон киши да коргон эмесмин деп айтат.Ким эле башына проблема уйгусу келсин.Мен коргом деп барган кундо деле ал байкушту да самтыратып эзесинер да.Эмне буга чейин кордум деп койбойсун тыты пыты деп.
+15
Jeenbek.
2019-09-28 08:10:16
Менттерге пул болсоле болду
+2
jaskaaa
2019-09-28 10:25:46
Күбө болуш да опасный бизде
+7
Kombi
2019-09-28 21:38:12
Эртереек жардам сурабайсынарбы. Ушуга чейн сурабаган МАИ кызматкерлерин суракка алыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан