Операция учурунда таш бараңга кабылган УКМКнын кызматкерлери боюнча окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 28-сентябрга караган түнү Кыргыз-Казак чек арасында операция жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, аталган ведомство тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы катталды. “Чалдыбар автожолу” текшерүү-өткөрмө пунктунан белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, кызматкерлерди таш бараңга алышкан. Чүй облусунун Панфилов РИИБи тарабынан материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги менен бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда, жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булак берген маалыматка ылайык, УКМКга Чек ара кызматындагы адам опузалап пара алганы жатат деген маалымат түшкөн. УКМК ыкчам кармоо операциясы менен барган учурда ал адам чек арадан мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган. Колго түшүрүү планы жүрүп, кармалган адамды кичи автобус менен алып кетип жатканда, белгисиз адамдардар таш менен кичи автобустун айнектерин сындырышкан. Таштар айрым кызматкерлердин башына, колуна тийген, алган жаракаттары жеңил деп айтылууда.

Ал эми Чек ара мамлекеттик кызматы бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Muslim_KGstana.
2019-09-28 18:05:48
Уят эле
+5
Kyrgyz_bloger
2019-09-28 19:17:11
УКМК да брондолгон машина жок бекен?
+5
oSporte
2019-09-28 21:38:14
Kyrgyz_bloger,алдагы машинаны да арендага алыптыр))
+2
jigit93
2019-09-28 19:32:48
Бизге таш болсо болду илибойун кууйбуз
+10
Saidochka
2019-09-28 19:56:15
jigit93,туура))),Борончу айткандай таш менен бийлик да алмаштырып ийебиз,обедке баратып элеее...
+5
bond02
2019-09-28 20:33:50
Куч менен эмес мээ менен иштоо керек. Башында планды жакшы тузуш керек эле, а мумкун курал колдонгондо эмне кылмаксынар таштын ордуна.
+6
baisogur
2019-09-28 21:45:50
Биздикилер билет кандай жерде не кылышты Ошо таш аткандарды чекеден атыш керек кол салуу болуптур
-2
tular
2019-09-29 01:18:20
УКМК өздөрү паракор болуп жатса анан кантип оңолобуз!!! Биринчи УКМК өздөрү тазаланыш керек анан талапты коюш керек...
+2
tynar92kg
2019-09-29 08:50:51
Бийликтин чабалдыгы. Катуу жаза колдонуш керек айбандарга. Бийлик окулдорун таш мн ургандарга.
+1
amirrus
2019-09-29 12:26:10
укмк озу да илешкен жери бар да ошого ундой алышбайт ,атып салбайбы кол салып жатышса оозун ачып отура беришбей... УКМКнын баркын кетирдинер туалетке да куболугунорду корсотуп кирип,силер доляга отурбаган жер калбады окшойт...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан