Бишкек мэриясы талкуу жараткан автокинотеатр алынарын билдирди

28-сентябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багындагы автокинотеатрда эротикалык тасма көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча видео тараган. Бишкек мэриясы бул окуя боюнча билдирүү жасады.

"Бүгүнкү күндө А.Тыныбекова аттуу жаран унаа токтотуу үчүн ижарага берилген жерге автокинотеатр орнотуп алган. Ага берилип жаткан электр энергиясы өчүрүлдү. Ижарага берилген жерди туура эмес максатта пайдаланып жаткандыгы үчүн келишимди токтотуу тууралуу кат жөнөтүлдү. Келишим токтотулгандан кийин автокинотеатр алынат", - деп билдирди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, Октябрь райондук милициясы бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (порнографиялык материалдарды таратуу) менен сотко кайрылуу жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-09-29 11:27:29
Кинотеатр тура берсин, ошол кинону койгон адамды жазалаш керек.
+11
Ali-han
2019-09-29 12:18:35
Айсулуу бизнес баштаганго)))
-2
Samatalibei
2019-09-29 14:00:38
Акмактар кобойду Катту закон болсо ушунда чектен чыккандарды катту жазаласа болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан