Депутат Карамушкина профсоюз тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтпөгөнүн айтты

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина профсоюз тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтпөгөнүн айтты.

"Мындай мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу эмнеге өткөн жок. Көпчүлүктүн сунуштары эске алынган жок. Тийиштүү комитет профсоюздардын пикирине көңүл бурбай жатат. Парламенттик угууну өткөрүүнү талап кылам. Комитетке кайрадан жөнөтүү керек", - дейт Карамушкина.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алмазбек Токторов парламенттик угуу өткөнүн билдирди. Токторовдун айтымында, профсоюздун өкүлдөрү өздөрү парламенттик угууга катышуудан баш тартышкан.

Профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Рысгүл Бабаева билдиргендей, парламенттик угууга 2 депутат катышкан. “Алмазбек Токторов менен Гүлшат Асылбаева гана парламенттик угууга катышкан. Биз өзүбүздүн сунуштарыбызды бергенбиз”, - деди Бабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAYRATBEK
2019-10-02 11:10:20
Профсоюздардын тымызын алган айлыктарын уктук. Тобо чачын тик турат. Президент да мынча айлык албайт. Уяты жоктор десе. Булар мамлекетке бир тыйын пайдасы жок болбогон бир немер турбайбы. Намысынар кайда калды уятсыздар дагы мусулмандарга каршыбыз деп жамандап журушот. Ооо кадаланган ары жоктор десе. Тезинен бул мите курттардын айлык маяналарын, 28жылда эмне жумуш жасаганын, мамлекеттин канча мулкун сатканын кимге канчага сатканын тыкыр текшерип иликтеп оз ордуна коюш керек. Уят эмеспи. Садык Ше
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан