Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов кесиптик бирликтердин жетекчилерин сынга алды.
Анын айтымында, кесиптик бирликтердин жетекчилери негизги милдеттеринен четтеп жатат. "Алар ден соолукту чыӊдоо жайларына жолдомо сатуу менен алектенүүдө. Негизги милдеттерин аткарбай жатышат", - дейт Талант Мамытов.
Ал эми депутат Иса Өмүркулов профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, профсоюздар ичинде тирешүү, чыӊалуу болуп жатканын белгиледи.
Учурда жыйында профсоюздар тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.