Депутат Иса Өмүркулов профсоюздун канча мүлкү сатылып кеткенин сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Профсоюздар уюмунун өкүлү Канатбек Осмонов профсоюздун 4 кыймылсыз мүлкү буга чейин сатылганын айтты. Сатылган мүлктөр “Спартак” стадиону, анын жанындагы кичи арена, Ананьеводогу турбаза жана Ноокаттагы “Абшыр-Ата” турбазасы. Ал билдиргендей, учурда 34 мүлкү бар.
Азыркы тапта жыйында профсоюздар тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.