Депутат Руслан Казакбаев профсоюздардын ишмердүүлүгүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйында профсоюздар тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Казакбаев мыйзам долбоору боюнча көптөгөн талаш-тартыштуу маселелер жаралгандыктан, өлкө боюнча кесиптик бирликке тиешелүү мүлктөр менен каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Коррупцияга каршы күрөш боюнча кызматына иликтөө боюнча тапшырма берүүнү сунуш кылды.
“Профсоюздардын акчаларын, имараттарын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшериши керек. Мындан улам жыйынтык чыгаруу шарт”, - дейт Казакбаев.