Кечээ, 1-октябрда Жогорку Сот тарабынан Фейсбуктагы талашка түшкөн билдирүүнүн ээси мугалим Темир Болотбек акталды.
SUPER.KG порталына Темир Болотбек сот процесси соңуна чыкканы менен, жарандык позициям мурункудай калды деп билдирди.
”Бул иштин жабылбай келгенине бир жарым жыл болуптур. Бул аралыкта эки соттук отурум болуп, анда деле акталгам. Бирок прокурорлор улам аппеляция берип отуруп, Жогорку Сотко чейин жеттик. Негизи окуянын өрчүшүнө менин “Кыргызстан против таможенного союза” деген коомго кирип, активдүү болгонум таасир берди го деп ойлойм. Себеби 2018-жылдын 6-майындагы биринчи соттук отурумга “Русский мирдин” Александр Толмачев баштаган өкүлдөрү катышкан. Бирок лингвистикалык экспертизадан кийин, башка соттук отурумдарга келишкен жок. Кантсе дагы Жогорку Сот тарабынан акталып чыктым, демек өлкөдө сот реформасы жүрүп жатат деген ишеним пайда болду. Иштин жүрүшүндө мага колдоо көрсөткөн жарандык коомдун активисттерине, жактоочума ыраазымын. Көп адамдар мени “жумуштан чыгып кеткен”, “камакта отурат” деп ойлошуптур. Жок андай болгон жок, өлкөдөн чыкпоо тууралуу кат жазып, иштеп жүрдүм. Университеттин жетекчилиги, мугалимдер объективдүү көз-карашта болушту”, - деди ал.
Ал эми мындан кийинки жарандык позицияңыз кандай болот? деген сурообузга: “Мындан кийин деле активдүү жарандык позициямдан кайтпайм. Эгемендүүлүк үчүн, либералдык-демократиялык коом үчүн иштейм. Бирок элге социалдык тармактарга абайлап билдирүү калтыргыла демекчимин. Себеби ар бир жеке ойдун артында ага каршы оппоненттер отурганын унутпаш керек”, - деди Темир Болотбек.
Маалым болгондой, 2018-жылдын январь айында Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин мугалими Темир Болотбекти Фейсбуктагы сөздөрү үчүн “улуттар аралык жаңжалды" ырбатты деп айыптап, сот жоопкерчилигине тартышкан.