Депутат Исхак Масалиев Профсоюздар федерациясынын жетекчиси жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Профсоюздар федерациясынын жетекчиси эмнеге жыйынга келген жок? Аман-эсенби? Ал силер келтирген каршы пикирге макулбу?", - деп сурады депутат.
Профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Рысгүл Бабаева жетекчи жумуш ордунда экенин айтып, ал анын ордуна келгенин билдирди. Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү жетекчинин позициясы боюнча жооп бере алышпай турганын белгилешти.
Жогорку Кеӊеште профсоюздун укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Профсоюз федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы. Алардын пикиринде, учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керек, бирок депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан өӊүттөгүдөй мыйзам эмес, профсоюздун ишин калыс карап, толук камтый турган бирдиктүү ченемдик укук актысы керек.
Ал эми депутаттар профсоюзда, анын борбордук бирикмесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, анын көп мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти.