Депутат манасчыларды майрамдарда гана эстебей, аларга көңүл буруу керектигин айтты

Депутат Улугбек Ормонов манасчыларды майрамдарда гана эстебей, аларга көңүл буруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Президентибизге рахмат, Манас жана Айтматов академиясын түздү. Манас деп мактанабыз, биздин манасчыларыбыз азыр кайда? Мамлекеттен эки гана манасчы айлык алат. Калгандары кайда? Чоң иш-чара өткөндө гана эстейбиз. Манасчыларга аталган академияда орун барбы? Аларды майрамдарда гана эстебей, көңүл буруу керек", - дейт Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2019-10-03 11:00:29
Туура. Депуттын оюн колдойм. Кыргыздар өзүбүздүн руханий дүйнөбүздү көтөрүш керек. Азыр кээ бир жаштар ислам динге берилип арабтардын салтына кулга айланып, молдолордун кий дегенин кийип, чеч дегенин чечип калышкан. Өз алдынча ой жүгүртүүдөн алыстап кетишкен. Молдолор өл десе өлүп кете беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан