Парламентте айыл жергесинде иштеген мугалимдердин турак жай көйгөйү арбын экени айтылды

Депутат Тазабек Икрамов мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен 30 пайызга көтөрүлгөнүн эске салды. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бул жакшы жөрөлгө. Ошого карабастан, биз мугалимдердин социалдык жашоо-шартын жакшыртуу жаатында комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Мисалы, мугалимдердин турак жай көйгөйүн чечүү максатында, эгер иш тажрыйбасы жетиштүү болсо, ипотека маселесин чечип беришибиз зарыл. Айыл жергесинде иштеген мугалимдердин да турак жай көйгөйү арбын. Алардын турак жай куруп алуусу үчүн жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип бериши керек. Ал эми чек ара аймагында жайгашкан айылдардагы мугалимдерге 500 миӊ сом өлчөмүндө ссуда берүү маселесин да кароого тийиш. Эгерде аталган маселелер оӊ чечилсе, балдардын билим алуу деӊгээли да кыйла көтөрүлөт деген ойдомун", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан