Депутат Мирлан Бакиров өкмөткө Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна бир бөлмөлүү батир берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду. Ошол чемпиондуктун артында турган анын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун салымы чоң. Балбан кыздарды машыктыруучулар тактайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир берди.Өкмөт эстафетаны улантып, машыктыруучуга бир бөлмөлүү батир берсе туура болмок", - дейт Бакиров.