Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоочусу Азизбек Ашуров БУУнун эң абройлуу "Нансен" сыйлыгын алды

Укук коргоочу Азизбек Ашуровго Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу "Нансен" сыйлыгы берилди.

Бул сыйлык биринчи жолу 1954-жылы Элеонора Рузвельтке ыйгарылган. Ошол убактан бери бул сыйлык качкындар маселесинде маанилүү иштерди жасаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, укук коргоочуларга, активисттерге жыл сайын берилип келет.

Азизбек Ашуров "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмесин жетектейт. Ош шаарында жашап, эмгектенет. Төрт баланын атасы. Кесиби - юрист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан