Айназик Матраимованын жактоочусу: "Фейк аккаунт ачкан жигит кармалды деген видеону ким таратканын да, ал ишти ким уюштурганын да билбейбиз"

Кечээ, 2-октябрда айтылуу Матраимовдордун тууганы Айназик Матраимованын атынан Инстаграмдан фейк аккаунт ачкан жигиттин кармалганы боюнча видео интернетке тарап кеткен.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек ШИИББи бул тууралуу маалымат дале такталып жатканын жана бул боюнча азырынча жаңы маалымат жоктугун билдирди.

Айназик Матраимованын жактоочусу Давран Касымов бул окуянын чоо-жайы тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Кечээ интернет булактарына видеону ким таратканын жана ал ишти ким уюштурганын биз билбейбиз. Айназик Матраимованын атынан Инстаграмда жаңы аккаунт ачылып, анда пост жарыялаган адам жөнүндө маалымат гана тапканбыз. Бирок ал менен биз сүйлөшө элекпиз. Айназик Матраимованын туугандары ошол адамдын жасаган ишин балалык деп, ага анча көңүл бурган эмес. Эгерде анын аракеттеринде кылмыш иш табылса, анда ал мыйзам чегинде жооп бериш керек деген ойдобуз.

Азырынча Айназик Матраимованын туугандары милицияга арыз жазуу боюнча маселени көтөрө элек", - деди Давран Касымов.

Буга чейин социалдык тармактарда Назик Матраимова аттуу кыздын 18 жашын досторунун курчоосунда белгилеп жаткан видеосу тарап, кызуу талкууга алынган. Кечедеги сүрөттөр, видеолор тарагандан кийин анын Инстаграмдагы аккаунту өчүрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жергиликтүү маалымат булактарына Айназик Матраимованын атынан ачылган Инстаграмдагы аккаунт фейк экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-10-03 11:39:06
Матраимовдор жаман хит болду го Кыргызстанда. Ал кыз эмнеге тайкесинин фамилиясына отуп алган.
+7
Agayu
2019-10-03 14:37:50
Матраимовдор түшүбүзгө чейин кирет турган болдуго.Жаман үй бүлөөнүн ызы чуусу көп дегендей элге кайрымдуу болуп көрүнгүлөчү Матраимовдор!!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан