Журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан ачылды

Өлкөдө журналист Алишер Саиповдун өлтүрүү боюнча кылмыш иши кайрадан козголду. Бул тууралуу Саиповдун бир тууган агасы Шохрух Саипов билдирди.

SUPER.KG порталына "Алишер Саиповдун иши 29-августта эле ачылган. Ош облусунун прокуратурасы кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, 2013-жылдагы "ишти токтотуу боюнча" токтомду жокко чыгарган. Азыркы тапта ишти Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы карап жатат. Эмне себептен журналисттин иши кайра ачылганы, тергөөнүн купуялуулугу үчүн айтылбайт", - деп жооп берди ИИМдин өкүлү.

Алишер Саипов «Сиёсат» («Политика») гезитинде редактор болуп иштеген. Убагында Фергана өрөөнүндөгү курч маселелерди көтөрүп чыккан. Ал 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Саипов 26 жашта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан