"Kyrgyz Concept" компаниясынын жетекчиси жана убактылуу өкмөттүн учурундагы экономика министри Эмил Үметалиев Аскер прокуратурасына эмне себептен суракка чакырылгандыгы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Сурак тез эле бүттү 1 саат 20 мүнөттө коё беришти. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалыматты жарыялабоого кол коюп бердим ошон үчүн толугу менен айта албайм. Бирок бул менин 2010-жылдагы иштеген жумушума байланыштуу экен. Менин тиешем жок жана башка суракка чакырылбайт болушум керек деп ойлойм", - деди Үметалиев.