400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасатуу келишимине кол коюлду

Өлкөдөгү 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Республикадагы билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында билим берүү министри Каныбек Исаков жана “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту.

"Өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алдын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт", - деди министрликтин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан