1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин үй-бүлөсүнө милиция кызматкерлери азык-түлүк, балдарга оюнчук жана чогултулган акчаны алып келип тапшырышты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери бул үй-бүлөгө мындан ары да ар кандай жардамдарды көрсөтүп турууну убадалашты.
Интернетке болжол менен 1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтү тарап, талкууга алынган. Мындан улам Бишкек ШИИББи бул адамды таап аты-жөнүн такташкан. Ал 1968-жылкы У.А. аттуу жаран жана анын баласы 2018-жылы туулган А.М. экендигин аныкташкан. Кишинин айтымында, ал жубайы менен жашы жете элек төрт баланы тарбиялап келишет.