Бүгүн, 4-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышындагы ири конференция өтүп жатат.
Аталган конференция "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылына карата өткөрүлүүдө.
Конференцияга дүйнөнүн 40 өлкөсү катышып, алардын ичинен 12 өлкөнүн 20га жакын адистери баяндама окушат. Мындан сырткары, аталган иш-чарага жүздөн ашуун технологиялык адистер серепчи катары чакыртылган. Иш-чарада бул тармакка тиешелүү адистер мамлекеттик мекемелердеги, билим берүү тармагындагы, саламаттыкты сактоого тиешелүү чечилбей жаткан маселелер жөнүндө талкуулашат.
Буга чейин санариптештирүү биринчи кезекте билим берүү мекемелеринде жана ооруканаларда ишке ашырылуусу керек экендиги айтылган.