Бишкекте өтүп жаткан IT тармагына тиешелүү конференцияда президент Сооронбой Жээнбеков сөз сүйлөп, өлкөнү санариптештирүүгө салым кошуп жаткандарга ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары, ал келген конокторго дагы рахмат айтып, аларды санарип тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшүүгө чакырды.
"Азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасын өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты. Жаңы мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, ишкерликте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууда даяр чөйрөнү түзүү керек. Өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, ишке тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат", - деди Жээнбеков иш-чаранын жүрүшүндө.
Мындан сырткары, ал эки стратегиялык багытка өзгөчө көңүл бурула турганын кошумчалап өттү.
Алардын биринчиси, адамдардын жашаган жери шаар же айыл экенине карабай сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, ал үчүн жаңы санариптик технологияларды дагы тереңдеп киргизүү.
Экинчиси, билимдин сапатын жогорулатуу. Анын ичинде элет жеринде терең билим алуу мүмкүнчүлүгүн жаратуу.
Санариптештирүү жылына карата өтүп жаткан иш-чарага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген адистер катышууда.