Гемодиализ үчүн 2019-жылы бюджеттен 974 миллион 200 миң сом каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында финансы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.
“2019-жылы гемодиализге бюджеттен 651 миллион 500 миң сом каралган. Кийин жыл ичинде кошумча 322 миллион 700 миң сом карап бердик. Жалпы 974 миллион 200 миң сом каралып жатат. Ушул эле сумма эмки жылдын бюджеттин долбооруна дагы киргизилди”, - дейт министрдин орун басары.
Жыйында гемодиализ кызматын көрсөтүү тууралуу маселе каралды.