Бишкек мэриясы: "Таштанды өрттөгөн тургундарга 23 миң сомго чейин айып пул салынат"

Борбор калаабызда 1-октябрдан тарта санитардык нормаларды бузуп, таштандыларды өрттөгөн жашоочуларга жана чарба субъектилеринин ээлерине текшерүү башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, санитардык-экологиялык инспекциясы райондук акимиаттар менен биргеликте шаар ичинде текшерүүлөрдү жүргүзүп, Бишкек шаарынын тазалыгын сактабаган жана экологияга зыян келтирип жаткан шаардыктарга айып салууда. “Жалбырактар менен желимди өрттөөдөн пайда болгон газ адам баласынын ден соолугуна зыян келтирет. Ал абаны булгоо менен шаардагы био ар түрдүүлүктү жок кылат. Таштандыны өрттөө бузуулар боюнча Кодекстин 71-беренесине ылайык, 23 миң сомго чейинки айып пул менен жазаланат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-10-04 13:30:14
Кайсы номерлерге кайрылыш керек экенин жазып койсонор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан