Бишкекте 14 жаштагы кыз 1 аптадан бери дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 14 жаштагы Киемова Мадина Изатовна дайынсыз болуп изделүүдө. Ал ушул жылдын 28-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мадина Киемова 28-сентябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Волков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.
Кийип жүргөн кийимдери: ак көйнөк, "PUMA" деген жазуусу бар көк түстөгү спорттук кофта, кара түстөгү жынсы шым жана ак түстөгү бут кийим.
Өзгөчө белгилери: бою 163-165 сантиметр, салмагы 50-55 килограмм, бет түзүлүшү сүйрү, чачтары узун, күрөң түстө.

Сүрөттөгү Мадина Киемованы көрүп, билгендер болсо же жүргөн жери тууралуу маалыматтар бар болсо төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну милиция өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 56-17-52, 0 (554) 102-148, 0 (705) 999-953, 0 (703) 102-261, 0 (312) 56-32-48 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-10-04 21:08:08
Аман эсен табылсын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан