Депутат Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяга БУУнун, ЕККУнун алдындагы демократиялык институттары баа бериши керектигин айткан. Бирок ЕККУ анын суранычына көңүл бурбай койгонун депутат социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал Жогорку Кеңештеги кесиптештеринин үн катпай отурганына нааразы болду. Тагыраагы, депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы адам укуктарынын бузулганына реакция кылбай жатканын айтат. Ирина Карамушкина ЕККУга Жогорку Кеңештин жыйынында кайрылганын, бирок алар дале үн катпай жатышат деди. Ошондой эле ал камактан чыгуу үчүн баарына даяр болгон Алга Кылычовду мисал кылып, алсыздарды жок кылып жатат деген оюн калтырды.
Ирина Карамушкина эл өкүлдөрүнүн үн катпай отурганын ЕККУ каржылаган чет өлкөгө болгон сапарлардан куру кол калгысы келбей жаткан болушу мүмкүн деген пикирин жазды.
Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алуу" беренеси боюнча кылмыш ишинде күбө эмес, айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирген. 22-августта Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына алган.
30-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралып, 9-декабрга чейин үй камагында калтырылган.