Ошто 35 жаштагы келин дары ичип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган

Ош шаарында 35 жаштагы келин дары ичип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБине Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Н.Б. аттуу келин белгисиз дарыларды ичип, уулангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Келин Ош шаарындагы мейманканалардын биринде дары ичип ууланган. Учурда анын жакындары суралып, ал бул ишке эмне себептен барганы такталууда. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен катталды. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан