Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянтында гүл фестивалы, боорсок фестивалы, "Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу архитекторлордун курулуш көргөзмөсү жана "Күз берекеси" айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардагы дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.
Ошондой эле "Салбуурун" федерациясынын спортчулары улуттук-элдик оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү. Мындан сырткары, борбордук аянтта шаардын маданият башкармалыгынын, жогорку окуу жайлардын, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын, "Келечек" балдар чыгармачыл борборунун, Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жана шаардагы улуттук диаспоралардын чыгармачыл топтору концерттик программа тартуулашууда.
Шаар күнүнө карата Кулатов кичи шаарчасына "Ак Ниет" сейил багы курулуп, пайдаланууга берилет.
Майрамдын экинчи бөлүгү кечинде Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо гала концерт менен коштолот. Ага Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат.