Кыргыз-өзбек чек арасында “Достук” чек ара өткөрүү бекетин өзбек тарап жапты
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” чек ара
өткөрүү бекетин өзбек тарап жапты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара
кызматы билдирди. 9-августтан баштап, аталган жерден тойлорго чакыруу
барактары же туугандарынын ооруп жаткандыгы тууралуу телеграммалары барларды гана
өткөрүп жатышат. Өзбекстан тараптын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр 1-сентябрда
Өзбекстандын эгемендүүлүк майрамын белгилөөгө байланыштуу болууда жана чектөө канча
убакытка созулары белгисиз.