Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы Киемова Мадина Изатовна аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мадина Киемованын ата-энеси кызы ушул жылдын 28-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айтып, милиция кызматкерлерине кайрылган. Укук коргоо органдары Мадина Киемованы 4-октябрда түнкү саат 23:00дө өзү жашаган Волков көчөсүнөн табышкан. Милиция кызматкерлери ал үйүнө кайтып келе жаткан болушу мүмкүн дейт.