Интернетке Памирден Нарынга келген үй-бүлөнүн видеосу тарады. Ал видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү.
Видеодо памирлик үй-бүлөнүн мүчөсүмүн деген бала абалын айтып берген. Анда ал тогуз бир туугандын улуусу экенин, инилеринин бири жана апасы ооруй турганын белгилеген. Айтымында, буга чейин батирде жашап келишкен. Бирок эми үйдүн кожоюну ал турак жайды сатып жибергенин айтып, үйдү бошотууну өтүнгөн. Көп балалуу үй-бүлө батир издеп, бирок табылбай жатканын айткан. Мындан тышкары, апасынын дары каражаттарына ай сайын акча кетерин, үй-бүлө үчүн бул кыйынчылыктарды жалгыз жеңүү кыйын болуп жатканын билдирген.