Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2019-жылы 19 белгилүү инсандардын мааракесин өткөрүү каралганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Төрөбай Зулпукаров мамлекет тарабынан каржыланган телеканалдардан белгилүү адамдар тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүүнү сунуштады.
"Мамлекет тарабынан каржыланып жаткан маалымат каражаттары аркылуу Усубалиевдин 100 жылдыгы тууралуу маалыматтарды байма-бай чыгарып туруу зарыл. Анын 100 жылдык мааракеси бир жолу эле өтөт. Улуу адамдардын эмгегин жаңы муундарга тарых катары калтырып кетели. Алар тууралуу даректүү тасмада бардык нерсе камтылышы керек", - дейт Зулпукаров.