Жогорку Кеңеште экс-спикерлер кеңешинен турган отурум болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кеңештин мүчөсү Мукар Чолпонбаев билдирди.
Чолпонбаев билдиргендей, анда парламенттик шайлоо, чек ара маселеси жана башка өлкө ичиндеги маанилүү маселелер тууралуу сөз болду. "Отурумда 2020-жылы өтө турган шайлоо тууралуу маселе көтөрүлдү. Биз келерки шайлоодо пайыздык босогону азайтууну сунуштадык. Алсак, азыркы мыйзам боюнча партиялар шайлоочулардын добушунун 9 пайыздык босогосунан ашканда гана Жогорку Кеңешке өтөт. Спикерлер кеңеши бул босогону 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү жана 3 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн 1 миллионго түшүрүүнү айттык. Ага салыштырмалуу президенттикке талапкерлер күрөөнү 1 миллион сом өлчөмүндө гана төлөшөт. Албетте, бизде мыйзам чыгаруу укугубуз жок, андыктан сунушту расмий түрдө кат жазып сунуштамай болдук. Бул демилгечи топко мен жана Марат Султанов кирди", - деди ал.