Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кандай кемчиликтер кеткенин сурады. "Мамлекеттик мүлктөрдүн кирешесин эки эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?", - деди ал.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги үлүшүнөн 1 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калган. "Биз өзүбүздүн алдыбызга реалдуу планды коюшубуз керек экен. Ошону менен бирге инвестия тартуу жаатында да кыйынчылыктар арбын. Ал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана алар менен макулдашуу жол-жоболору да создугуп кетүүдө", - деди Замирбек Аскаров.