Туулган күнүң менен! Дааратканага жакын орнотулган Владимир Путиндин эстелиги талкууга алынды

Бишкектин чет жакасындагы "ЗИЛ" тоо-лыжа базасында Орусиянын президенти Владимир Путинге арналып, эстелик орнотулду. Анын жанына ыраазычылык тексти жазылган стела коюлат.

Владимир Путиндин эстелиги тургузулду деген сүрөт интернет колдонуучулар арасында талкууга алынды. Айрым колдонуучулар "эстеликтин арт жагында даараткана бар экен" дешсе, айрымдары "көзү өтө элек кишиге эстелик тургузган туура эмес" дейт. Мындан тышкары, интернет колдонуучулар "эстеликтеги киши Владимир Путин эмес, Путинге окшошпойт" деген пикирлерин калтырышкан.

Ошондой эле аталган базага залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана Владимир Лениндин эстелиги тургузулган.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 67 жашка толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2019-10-07 14:45:32
Эхх, бири кем дуйно.
0
Muslim_KGstana.
2019-10-07 15:55:34
Окшошпойт Путинге
+3
Farra16gsin
2019-10-07 17:48:30
Кошоматчылык же шылдыңдоо
+1
Nevestkaa
2019-10-07 17:59:07
Далысы чооң буттары кыска болуп окшобой калыптыр.
+1
Mars575
2019-10-07 18:16:01
Путин эмес Шойгу болуп калыптыр
+3
janym_balam
2019-10-08 08:27:01
Ч Айтматовдун буту деле кыска болуп калыптыр кичине киши болуп.
0
Baku88
2019-10-08 11:59:06
Путиндин эстелиги кичинекей балдар ойногон китайский игрушкага окшоп калыптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан