Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадан 6 жаран газга ууланып каза болгонун маалымдады.

Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам үч жаран каза болгон.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо, катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

"Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керек. Себеби бул ушундай кесепеттерге, адам өлүмүнө алып келет. Жылытуу сезону жана көмүргө суроо-талап жакындап калганына байланыштуу, жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте шахтага жакын жайгашкан калктуу пункттарда көмүрдү мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Мындан ары ушундай кырсыктарга жол бербөө үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тез арада алдын алуу чараларынын комплексин жүзөгө ашыруусу абзел. Көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керек же адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылыш керек жана жоопкерчиликке тартылышы зарыл", – деп белгиледи Абылгазиев.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza84
2019-10-07 15:21:43
Анда иш табып бергиле козомолдогондун ордуна
0
Ernestinio
2019-10-07 16:30:31
Аябай туура чечим, коп компаниялар акчаны кыскартыштын жолун ойлоп, иштоочулорго условияларын тузуп бергенден качышат. Козомол болсо айла жок тузуп беришмек
0
elchi84
2019-10-07 19:53:21
Мындан кийинби буга чейин айыл окмот губернаторлор каякты карап турушту.Россияда кырсык болуп 3-4 олсо ошол облуста траурный день жарыялайт.А бизде адам олуму кунумдук эле болуп калды .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан