Биз социалдык тармакта

Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт

Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүнөт. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин министрлер кабинетинин резервдик фондунан Самат Курманкуловдун дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнгөн.

Самат Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан калыбына келтирүүчү борборго 12-сентябрда жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alia82
2019-10-08 09:57:56
Соке чонтогунон берсе да жарашат, ошонун кызыкчылыгын коргоп атып жарадар болду
А берки каза болгондорго ким жооп берет, эмнеге татыксыз жетекчилер дагыле отурат
+10
tihonkg
2019-10-08 16:39:13
Alia82,тантыйткенсинда, эл учун болуп жаткан нерсе бул
-5
elchi84
2019-10-08 10:05:08
АША жон эле барып суракка барса мындай нерсе болбойт эле канча адам азап чекти.
+2
interpol
2019-10-08 10:44:51
Канча каражат керек болсо бөлүш керек. Эң башкысы аман эсен сакайып кетсин. Бүгүнкү күндө абалы кандай ошол жөнүндө маалымат берип койсоңор
+2
Kairat1996
2019-10-08 12:46:48
Кой таштагы окуяга Сооронбай Жээнбеков жооп бериш керек.
+6
Goodyer
2019-10-08 12:59:20
Мунун бардыгына Ош окуясына Апрель окуясына Атамбаев кунолуу
-2
Goodyer
2019-10-08 12:59:57
Ош окуясына утурумдук окмот дагы кунолуу
0
senchi
2019-10-08 20:02:18
Ош окуясын ким уюштурган?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан