Бишкектеги Жунусалиев көчөсүн оңдоп-түзөө үчүн 312 бак-дарак кыйылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоп-түзөө иштери Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки аймакты камтыйт. Анда үч тилкелүү жол, унаа токтотуучу жай куруу пландалып жатат.
Ал эми жарандык активисттер буга караманча каршы. Алар "жол курабыз деп канчалаган бактарды кыйып жатышат. Экологияга көңүл буруш керек. Ал көчөлөрдө кыймыл аз болгондуктан, үч тилкелүү жолдордун кереги жок", - дешти.
Ал эми Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагынов жарандык активисттердин оюн угуп, бул долбоор иш жүзүнө ашырыла электигин жана андагы комиссия азырынча толуктоолорду киргизип жаткандыгын кошумчалаган.