Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитети Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүнө элчилик кызматына Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин карады.
Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин колдоду.
Учурда Самаргүл Адамкулова Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси. Муну менен ал Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүндөгү элчилиги кызматын айкалыштырат. Ал бул кызматка 2018-жылы март айында дайындалган. Адамкулова 1968-жылы 9-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган.