Жол кыймылынын кызматкерлери эми айдоочулардын бир катар документтерин текшере албайт. Алар кайсылар?

Жол кыймылынын инспекторлору кызматына түз тиешеси жок болгон бир катар ашыкча милдеттерди аткаруудан бошотулду. Мындай токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын кызматкерлери мындан ары айдоочулардан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

- IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;

Жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин;

Ошондой эле 12 жашка чейинки курактагы балдарды мотоциклдин арткы отургучуна отургузууга, жүк ташуучу унаалардын кузовуна отургузууга бөгөт коюлду;

Мындан тышкары, "Таксомотор" (такси) жаңы белгилери киргизилди. Өкмөт "Таксомотор" (такси) белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет. Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tular
2019-10-08 23:30:03
Дор. налог текшербей калышат экенда эми
-2
bond02
2019-10-08 23:50:11
Акча дагы албай турган кылып койгулачы.
+8
kriss120
2019-10-08 23:57:29
bond02,Сен озун бересин жалдырап.Алар сурабайт сенден.
+20
Babi.
2019-10-09 04:54:04
kriss120,кандай эле сурабайт,ещё как сурайт .Баары жайында документин алып баратса,чайга таштап кет дешет уялбай бети жоктор.
+2
bond02
2019-10-09 09:41:37
kriss120,айдоочу жалдырабайт, алар жалдырайт документин туура болсо да, обедге бир нерсе таштап кетин деп.
-1
Jacob.
2019-10-09 14:14:15
bond02, А сен эрежени бузбасаң неге акча бересиң? Чайга эмес башкага сураса дагы бербей кой..
+4
kairhai
2019-10-09 01:14:36
толук эмеско
-1
Bektur2011
2019-10-09 10:58:23
Окмотко рахмат!
-1
islamidin
2019-10-09 14:09:00
Эми налогвый инспексия тосуп текшерет аны
0
aslonur
2019-10-09 15:15:42
Мени москвадан келе жатканымда орус, казак гаилери текшербей озубуздун гаилер текшерип акча сурады эле жок десем протокол тузобуз деп видеого тартсам телефонум тартып алып коюшту эмне кылаарымды билбей турам, прокуратурага арыз жазганмын бирок 4кундон бери эч нерседен дайын жок, мыйзам боюнча алар жоопко тартылабы же биз карапайым эл ушинтип оз элибизде тонолуп журо беребизби?! Кандай ойдосуздар?
+3
bond0202
2019-10-10 07:01:12
aslonur,телефонду бербешинер керек болчу.куч колдонуп тартып алса жооп беришет эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан