Депутат: "Айып пулдун көлөмү чоң дегендер жол кыймылынын эрежесин бузбасын"

"Айып пулдун көлөмү чоң дегендер жол кыймылынын эрежесин бузбасын", - деп бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

"Жаран эрежени сактап унааны айдаса айып пул салынбайт. Байкабай эреже бузгандарга карата айып пулдун көлөмүн азайтып, спирт ичимдигин ичкен, баңгизат колдонгондордукун көбөйтүп коюу керек", - дейт Жолдошбаев.

Учурда "Тартип бузуу жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Бул боюнча баяндаманы мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Кубанычбек Жумалиев жасап жатат.

Жумалиев билдиргендей, мыйзам долбоору тактоо иретинде киргизилип жатат. "Айып пулдар жашоо-шартка ылайыктуу болсун деген көп сунуштар түшкөн. Айып пулдардын көлөмүн тактап айта албайбыз, бул өкмөттүн иши. Айып пулду азайтса болот деген тактоолорду кабыл алып берсеңер, өкмөт сумманы өзү аныктайт", - дейт Жумалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2019-10-08 16:12:22
Эл суйлосо дагы сен суйлобочу чимкирик.Уялам сени коргондо
+5
aza84
2019-10-08 18:42:26
Акчан коп талтандап суйлой бересинда
0
Snejana
2019-10-09 03:09:29
Туура айтат. Жол эрежесин бузбай айдаса, кырсык аз болот. Ар бир адам озун сыйласа айып пул толобой жашасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан